Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:45

АКШ "Женева-2" конференциясына Ирандын катышуусу боюнча шартын айтты


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров дүйшөмбү күнү Парижде Сирияда ок атууну токтотуунун мүмкүн болгон жолдору тууралуу сүйлөшүштү. Керри менен Лавров Сирияда ок атышууну токтотуу 22-январда Швейцарияда өтчү "Женева-2" конференциясына чейин ишке ашаарына үмүттөнүшөөрүн айтышты. Сүйлөшүүдө түрмөдө отургандарды алмашуу, гуманитардык корридор түзүү маселелери да талкууланды.

Лавров Иранды "Женева-2" конфренциясына катыштыруу зарылдыгын дагы бир жолу эске салды. Керри болсо Тегеран 2012-жылдагы Сирия боюнча Женева коммюникесин колдосо, АКШ макул болоорун айтты (AiK).

XS
SM
MD
LG