Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:26

Разаков: Чек арада абал тынч, бирок кооптонуу бар


Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч, бирок тажик тараптан провокация болушу мүмкүн деген кооптонуу бар. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” өкмөттүн Баткендеги өкүлү Жеңиш Разаков билдирди. Анын айтымында, чек ара дыкат көзөмөлдөнүүдө. Күзөттөгү аскерлерге тиешелүү шарт түзүлгөн. Мектептерде окуу процесси үзгүлтүккө учураган жок. Окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн атайын милиция кызматкерлери бөлүндү. Разаков ошондой эле чек аранын тургундары массалык түрдө көчүп кетип жатат деген сөздөрдү четке какты.

11-январда Баткен районундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болгон. (ZKo/RK)

XS
SM
MD
LG