Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Түркмөн бийлиги калкка акысыз газ берүүнү токтотот


Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухаммедов калкка бекер газ берүүнү токтотүү пландалып жатканын билдирди. Президенттин айтымында, кардарлар газды үнөмдөп пайдалануусу үчүн үйлөргө газ эсептегичтери орнотулат. Газ, электр жарыгы жана суу үчүн түркмөндөр 1993-жылдан бери акы төлөшпөйт. Беридимухаммедов буга чейин мындай саясат 2030-жылга дейре уланаарын айткан.

Калкынын саны 5 миллионго жеткен өлкө жаратылыш газынын запастары боюнча дүйнөдө 4-орунда турат. Бирок бийликтер соңку мезгилде турак жайларды бекер газ менен камсыздоо өкмөт үчүн кымбат болуп жатканын айтууда.

XS
SM
MD
LG