Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:21

УКМК: Айыл чарба министрлигиндеги жемкордук иликтенүүдө


Айыл чарба жана мелиорация министрлигинде иштеген айрым кызматкерлерге карата мамлекеттик акчаны уурдоого байланыштуу кылмыш иш козголду. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты. Аталган мекеменин бир топ кызматкери иштебей туруп эле айлык алып жүргөн деп шектелүүдө. Кылмыш иш "кызматынан кыянаттык менен пайдаланган" деген берене боюнча козголду. Тергөө жүрүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG