Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:31

Лондондо Борбор Азиянын заманбап искусствосу көргөзүлөт


Алымжан Жоробаевдин "Коммунизмдин карааны" фотосүрөтү.
Алымжан Жоробаевдин "Коммунизмдин карааны" фотосүрөтү.
Дүйнөдөгү белгилүү "Сотбис" (Sotheby's) тоорук галереясында "Кесилиш жолдо 2: Стамбулдан Кабулга чейинки заманбап искусство" көргөзмөсү 27-марттан 2-апрелге чейин Лондондун чок ортосундагы Киң-стритте өтөт. Бул тууралуу аталган аукцион үйү кабарлады. "Сотбис" көргөзмөгө катыша турган кыргызстандык искусство чеберинин атын ачыкка чыгара элек.

"Сотбистин" маалымдашынча, бул көргөзмөгө Кыргызстандан сырткары, Борбор Азия, Кавказ, Түркия, Ооганстан жана Ирандын искусство чеберлеринин эмгектери британ коомчулугунун назарына коюлат. Бул көргөзмө аталган өлкөлөрдөгү байыркы замандан азыркы күнгө чейинки маданий жана коомдук байланыштар жана алардын заманбап искусстводогу ордун чагылдыруу максатын көздөйт.

Былтыр "Сотбистеги" көргөзмөгө Кыргызстан тарыхта алгачкы жолу катышкан. Кыргызстандан Алымжан Жоробековдун "Коммунизмдин карааны" фотосүрөтү, Аза Шаденин "Айдан" сүрөтү, ошондой эле жубайлар Гүлнара Касмалиева менен Муратбек Жумалиевдин "Жаз" деген видео инсталляциялары коомчулуктун назарына коюлган.

"Сотбис" аукцион үйү 1744-жылы негизделген жана дүйнөнүн 40 өлкөсүндө өкүлчүлүгү бар эл аралык лидер. Ал эски баалуу буюмдар жана искусство чыгармалары сатылуучу дүйнөдөгү эң абройлуу жай деп эсептелет. (BAz)

XS
SM
MD
LG