“Аку” деп аталган чыгарманы режиссер Толгобек Койчуманов жаратты. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Айтыш фильм” киностудиясынын өкүлү Чолпон Идирисова билдирди.
Бир сааттык мультфильмде бир бирине көңүл койгон кыз-жигиттин тагдыры сүрөттөлөт. Тасманын аталышы андагы каарман кыздын атынан коюлган.
Үч жыл аралыкта тартылган чыгарма март айынын соңунда элге тартууланат. Учурда монтаж иштери жүрүүдө.
Анимациялык тасманы жаратууга “Айтыш фильм” тарабынан 3 миллион сом бөлүнгөн. (SE)