Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:31

Миссури штатында өлүм жазасы ишке ашырылды


АКШнын Миссури штатында тоноо убагында адам өлтүргөн 56 жаштагы Герберт Смулз өлүм жазасына тартылды. Өлүм жазасы Бонна Терра шаарында аткарылгандыгы кабарланууда. Гербертке ийне сайылды. Ал акыркы сөзүнөн баш тартты.

Герберт Смулз 1991-жылы Сент-Луисте ювелирдик дүкөндүн ээсин өлтүргөнү үчүн эң катаал жаза алган. Жыл башынан бери АКШда өлүм жазасы алтынчы жолу аткарылууда. 2013-жылы АКШнын 9 штатында 39 адам өлүм жазасына тартылды.(AiK)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG