Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

Чүйдө өрт кырсыгынан эки адам набыт болду


Чүйдүн Сокулук районунда өрт кырсыгынан эки адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Фрунзе айылынын Южная көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде өрт чыгып, кырсык болгон жерден эки кишинин сөөгү табылган. Алар үйдүн ээси, 60 жаштагы Виктор Вайхи жана анын уулу Евгений Вайхи экени аныкталды. Кырсыктын себеби такталууда. (RK)

XS
SM
MD
LG