Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:35

Женевада Сирия боюнча сүйлөшүү бүттү


Женевада бүгүн Сирия боюнча каршылышкан тараптардын сүйлөшүүсүнүн биринчи айлампасы жыйынтыкталды. Сүйлөшүүлөр Бириккен улуттар уюмунун жана Араб өлкөлөрүнүн Лигасынын Сирия боюнча өкүлү Лахдар Брахиминин катышуусунда өттү.

Брахими сүйлөшүүлөр бүткөн соң журналисттерге "бул - абдан жупуну башталыш, бирок бул сүйлөшүүлөрдүн негизинде биз бир нерсе кура алабыз” деп билдирди.

Тараптар бирок ок атууну токтотуу, убактылуу өкмөт түзүү жана гуманитардык жардамды айрым райондорго жеткирүү боюнча мунасага келе алган жок.

Бейшемби күнү Сириянын президенти Башар Асаддын жана оппозициянын өкулдөрү өлкөдөгү жарандык согушка ким жооптуу деген маселени талкуулашты.

Брахиминин айтымында, тараптар террорчулук Сирияда чоң көйгөй экендигине макул болушту, бирок аны менен кантип күрөшүү керек экендиги боюнча макулдаша алышкан жок. Брахими 10-февралда баштала турган сүйлөшүүлөрдүн экинчи фазасында тараптардын турумдары бири-бирине жакындайт деп үмүттөнөт. (AiK)

XS
SM
MD
LG