Арсений Яценюк Батышты Украинадагы саясий кризисти турукташтыруу үчүн "чукул жардам" сурады:
– Менин өлкөмдө биз кыйын кезеңди баштан кечирип жатабыз. Бизге оозеки колдоо жетишсиз, бизге конкреттүү колдоо керек. Өлкөдөгү саясий жана экономикалык кырдаалды турукташтыруу үчүн Украинага чукул абал киргизүүнүн кереги жок, бизге (Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин) Германияда ишке ашырылган Маршал планы өтө керек.
Яценюк кечээ Мүнхендеги Коопсуздук конференциясына жол тартаардын алдында сүйлөдү. Бүгүн ал Мүнхенде АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Кэрри менен сүйлөшкөнү жатат.
Кечээ Кэрри украин оппозициясына колдоо билдирген. Бул күнү Украинада демонстранттарды бошотууну караган мунапыс күчүнө кирип, демонстрацияларга каршы маанайдагы мыйзамдар күчүн жоготту.