Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Ала качты делген кыз табыла элек


Ала качууга кабылды делген Надира Орозбек кызы табыла электигин бүгүн "Азаттыкка" анын апасы Айымбү Сулайманова билдирди. Милиция азырынча бул боюнча кабар жок экенин, издөө иштери уланып жатканын айтууда.

Бишкектеги Улуттук консерваториянын 23 жаштагы студенти Надира Орозбек кызы 30-декабрда аталган окуу жайдын жатаканасынан Бишкектин четиндеги Ак-Жар жаңы конушунда жашаган ата-энесиникине кеткенин айтып чыккандан бери дайынсыз. Бул аралыкта Надира эки ирет апасына телефон чалып, өзүн Майлуу-Суу шаарына ала качып кетишкенин айткан.

Буга чейин Надиранын ата-энеси милиция кызды издөөдө көңүлкош мамиле кылып жатканын айткан. Кыздын жоголушу боюнча ишти акыйкатчы Бакыт Аманбаев да өз көзөмөлүнө алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG