Канаданын улуттук инвестиция жана биржалык соода көзөмөлдөөчү мекемеси (Investment Industry Regulatory Organization of Canada – IROC) "Центерра Голддун" баалуу кагаздарын сатууну убактылуу токтотту. Торонто фондулук биржасы кабарлагандай, Онтарио убактысы боюнча саат 8:18де Кумтөр алтын кенин иштеткен компаниянын акциялары эркин жүгүртүүдөн алынды.
Кечээ "Центерранын" акциялары 4 канада доллары 45 цент көрсөткүчүндө жабылган. Аталган компаниянын жалпы базардык капитализациясы 1 миллиард 52 миллион канада долларына барабар. Бир акциянын кирешелүүлүгү – 25 цент. Учурда 237 миллиондой баалуу үлүш кагаз эркин жүгүртүүдө. (BAz)