Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:21

Барскоондо Саруу окуялары талкууланууда


Ушу тапта Жети-Өгүздүн Барскоон айылында жергиликтүү тургундардын жыйыны өтүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" айыл өкмөт башчысы Руслан Эшманбетов билдирди. Анда Саруу айылынын айрым тургундарынын Каракол - Балыкчы жолун бууп, ачпай жатканы жана эки апта мурда барскоондук бир тургундун сабалышы талкууланууда. Соңку маалымат боюнча, унаа жол дагы эле ачыла элек. Аны Кумтөр маселесине байланыштуу митингге чыкканы үчүн камалгандардын бошотулушун талап кылгандар бууп турат.

Барскоон Кумтөр алтын кенине эң жакын жайгашкан айыл. Аны менен Саруунун ортосу 3-4 айыл. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG