Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Грузияда абакта отурган миңдей адам ачкачылык жарыялады


Грузиянын батышындагы Имерети провинциясындагы Гегути абак жайында отургандар күзөтчүлөр жана түрмө жетекчилиги аларга жаман мамиле кылганын айтып, шартын жакшыртууну талап кылышууда.

Грузиянын абак жайларынын министри Созуар Зубари ачкачылыкты кылмыштуу топтордун түрмөдө отурган башчылары уюштурган акциясы деп мүнөздөдү жана жакында өткөрүлгөн реформанын натыйжасында алар мурдагы артыкчылыктардан кол жууганын айтты.

Абактагылардын түрмөнүн сыртына чогулган жүздөгөн туугандары жогорку жетекчилик менен жолугушууну талап кылууда.

XS
SM
MD
LG