Сочидеги кышкы олимпиадада норвегиялык спортчулар алдыңкы орунда келе жатат. 11-февралдагы жыйынтык боюнча алар 11 медалга ээ болду. Экинчи орунда 9 медаль менен Канада келатат. Нидерландиялык спортчулар 8 медаль менен үчүнчү тепкичте.
Олимпиададагы кыргызстандык жалгыз катышуучу Дмитрий Трелевский лыжа спортунун үч түрүнөн мелдешке катышат. Жадыбал боюнча 16-февралда супер гигант, 19-февралда гигант слалом жана 22-февралда слалом боюнча мелдештерге чыкмакчы.
Олимпиада оюндары 23-февралда жыйынтыкталат.