Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:11

Келдибеков бир айга камакта калтырылды


Коррупцияга шектелип камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун  камактагы мөөнөтү 27-мартка чейин узартылды. Мындай чечимди бүгүн Бишкектин Октябрь райондук соту кабыл алды. 

УКМКнын тергөө абагында кармалып турган Акматбек Келдибеков ден соолугуна байланыштуу борбордогу №4 ооруканага которулган. Аталган ооруканадан ага 3 ирет операция жасалганы кабарланган.

Акматбек Келдибеков коррупциялык иштерди жасаган деген кине менен былтыр 20-ноябрда камалган. Депутат кылмыш ишти саясий куугунтук катары санап, тагылган айыптарды четке кагып келет.(BkA)

 

XS
SM
MD
LG