Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:47

Жети-Өгүздөгү катуу жол кырсыгынан аман калган эки адамдын абалы дурус


Бул тууралуу Ысык-Көл областтык ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы Сыдык Чолпонбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жол кырсыгы болгон күнү ооруканага үч адам түшүп, бирөө каза тапкан: “Жол кырсыгынан аман калган үч адамдын бирөөсүн сактап калуу мүмкүн болбоду. Ал башына каттуу сокку жегендиктен мээси сыртка чыгып кеткен. Калган эки адамдын абалы жакшы,” - дейт дарыгер Чолпонбеков.

Эскерте кетсек, Жети-Өгүздөгү Желе-Дөбө -  Тилекмат жолунда 11-февраль күнү катуу жол кырсыгы катталган. Окуя болгон жерде 5 адам каза болуп, үчөөсү ооруканага жеткирилген болчу. (МК)

 

XS
SM
MD
LG