Бишкекте милиция менен жаңжалдашып, күч кызматкеринин погонун жулуп алган Нарын облусунун 32 жаштагы тургуну сурак берүүдө. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 15-февраль күнү түнкү саат бирлер чамасында Биринчи май районунун аймагында мас абалдагы жаран кармалган. Колго түшүрүү учурунда ал милиция кызматкерлери менен мушташып, бирөөнүн погонун жулуп алган.
Шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, дем алыш күндөрү борбор калаада милицияга кол көтөрүү боюнча дагы үч факт катталды.
Кылмыш-жаза кодексине ылайык, өз жумушун аткарып жаткан укук коргоо кызматкерине кол көтөргөндөр 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Саламаттыгына олуттуу зыян келтиргендерди 10 жылга чейин камоо жазылган. (SE)