Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:18

Өкмөт дыйкандарга насыя бөлүүнү тездетет


Бул маселе премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин төрагалыгы астында өтө турган өкмөттүн бүгүнкү кеңешмесинде талкууланат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, өкмөт дыйкан жана фермерлер үчүн бөлүнгөн 5 млрд. сом насыянын тез арада берилишин талап кылат. Анткени түштүктөгү айрым райондордо келерки жумада жазгы талаа жумуштары башталышы күтүлүүдө. Өкмөт ошондой эле Өзбекстандан жер семирткич сатып алуу үчүн 200 млн. сом бөлдү. Жер семирткичтин алгачкы бөлүгү келип, жер-жерлерге жеткирилди. (AiT)

XS
SM
MD
LG