Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

Кыргызстан менен Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну такташты


Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Райымбек Мамыровдун бейшембидеги билдирүүсүнө караганда, Кыргызстан менен Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана иштетүү боюнча протоколго койду. Ал 19-февралда Бишкекте президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда болду. Протоколго ылайык ГЭСтин техника-экономикалык негиздемеси март айында даяр болот. Июнь айына карай Орусия каражат маселесин чечип, курулуштун башталышы октябрга биринчи траншты которот. 19-февралда президент Атамбаев менен жолугушууга Орусиянын Бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов, “Роснефть” компаниясынын башчысы Игорь Сечин жана “Русгидронун” башчысы Евгений Дод катышкан. (AiT)

XS
SM
MD
LG