Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:39

Аба ырайы: чукул эскертүү


Кыргызстандын тоолуу аймактарында жана тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү жүрүшү күтүлүүдө. Айдоочуларга унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо эскертилет.

22-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарынан башка аймактарда кар жаайт. Тоолуу райондордун автожолдору тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз 2...7,
Талас жергесинде түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5,
Баткенде түнкүсүн -1…-6, күндүз 2...7,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында 0...-5, күндүз 2...7,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз -3...+2,
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Түнкүсүн -4…-6, күндүз 5…7 градус жылуу болот.


Чукул эскертүү

23-25-февраль күндөрү Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлүп жатат. Бул аралыкта мезгил-мезгили менен кар жаап, кээ бир райондорго калың кар түшөт.

Абанын температурасы төмөндөп, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -15...-20, айрым жерлерде -25, күндүз -10 градуска чейин суук болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -14, күндүз -7 градуска чейин суук болот. Тоолордо сууктун күчү -30 градуска чейин жетет.

Мындай аба ырайы кыштоо жайыттарында мал кармоону кыйындатып, автоунаа кыймылын, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишинде түйшүк жаратат.

XS
SM
MD
LG