Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:18

КТРКда ишеним телефону иштей баштады


КТРК ичиндеги телерадио долбоорлордун ишинде акча өндүрүү, пара алуу жана башка мыйзамсыз иштердин бетин ачуу үчүн ишеним телефону иштей баштады. Бул тууралуу Коомдук телерадио корпорациясынын маалымат борбору билдирди.

Учурда КТРК ишканасына кирип чыгууда текшерүү күчөтүлүп, бөтөн адамдардын кирүүсү чектелген.

Мындай жагдайга 19-февралда КТРКнын “Аалам сырлары” телеберүүсүндө катышуучулардан чоң суммадагы акча өндүрүү иштери сыпатталган эки адамдын телефон сүйлөшүүсү интернетке жарыяланганы себеп болгон.

20-февралда “Аалам сырлары” эфирден алынып салынып, эмгек жамааты жумуштан убактылуу четтетилген. (SA)

XS
SM
MD
LG