Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

«Ак дил» айкөлдүк кыймылы түзүлөт


Прогрессивдүү демилгелер фонду тарабынан түзүлүп жаткан кыймыл кайрымдуулук акцияларына ыктыярчыларды тартуу, жаратман демилгелерди колдогон ишмердүүлүктү жайылтуу максатын көздөйт. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кыймылга ыктыярчылыкты колдогон бардык жаштар кошула алат. Алар прогрессивдүү демилгелер фондунун колдоосу менен масштабдуу акцияларды уюштуруп, ишке ашырышат. Багар-көрөрү жок карыяларга, жардамга муктаж адамдарга колдоо көрсөтүп турушат.

Фонд ар бир квартал сайын командалар ортосунда жарыш өткөрүп, «Мыкты айкөл команда» жана «Жылдын айкөл адамы» наамдарын ыйгарып, белектер менен сыйлап турмакчы. (SE)

XS
SM
MD
LG