Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:37

Таш-Көмүрдүн мэрине кылмыш иши козголду


Жалал-Абад облустук прокуратурасы Таш-Көмүрдүн башчысы Бекболот Миңбаевге кылмыш ишин козгогонун бүгүн Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 13-февралда жергиликтүү милиция “Кристалл” заводунан чыгарылып жаткан темир жол шаймандарын кармап, шаардык суу чарба башкармалыгынын короосуна жайгаштырган.

Бирок мэр Миңбаев ага карабай, 250 миң сом турган аталган шайманды белгисиз тарапка жүктөп кеткен. Мындан улам облустук прокуратура Таш-Көмүрдүн мэрине Кылмыш кодексинин “Кызмат абалынан ашкере пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө жүрүп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG