Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

АКШ соту: исламга каршы тасма алынып салынсын


АКШнын аппеляциялык соту ЮТЮБ видео порталына мусулман дүйнөсүндө зордук-зомбулукка түрткү болгон тасманы алып салууга буйруду. Сан-Франциско сотунун чечими америкалык актриса Синди Ли Гарсиянын арызы боюнча кабыл алынды. «Бейкүнөө мусулмандар» тасмасындагы чакан ролу үчүн белгисиз адамдар «өлтүрөбүз» деп коркуткан Гарсия тартылып жатканда ал мусулмандарды шакаба чеккен тасма экенин билбегенин айткан. Мухамед пайгамбарды шылдыңдаган фильм интернетке чыккандан кийин бир катар өлкөлөрдөгү тополоң-тоздо адамдар өлгөн. ЮТЮБ убагында АКШ президенти Барак Обаманын жана башка дүйнө лидерлеринин тасманы интернеттен алып салуу чакырыгын кабыл алган эмес. Кийин ЮТЮБга ээлик кылган Гугл компаниясы клипти алып салган, бирок соттун чечимин аппеляцияга бергени жатат.

XS
SM
MD
LG