Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Яценюк: Крым Украинанын курамында калат


Украинадагы соңку толкундоолордун лидерлеринин бири Арсений Яценюк бүгүн Киевде парламент өкмөт башчылыкка бекитээрден мурун Крым автономиялуу республикасы Украинанын курамында калат деди:

- Украин премьеринин кызматына талапкер катары мен ушул нерсени баса белгилегим келет. Украина өзүнүн аймактык биримдигин сактоо үчүн бардык мыйзамдуу жана конституциялык чараларды колдонот. Крым Украинанын курамында болгон жана кала берет.

Яценюк өз өкмөтүнүн башкы максаты Европа менен интеграция экендигин билдирди.

Украин президентинин кызматын аткарып жаткан Александр Турчинов Орусияны Крымда "агрессияга жол бербөөгө" чакырган эле.

XS
SM
MD
LG