Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

Орусияда Навальныйдын партиясы каттоодон өттү


Алексей Навальный өзүн колдогон оппозициялык "Элдик альянс" ("Элдик Шериктик") партиясынын уюштуруу курултайында. Москва ш., Орусия. 17.2.2013. Vladimir Astapkovich/RIA Novosti
Алексей Навальный өзүн колдогон оппозициялык "Элдик альянс" ("Элдик Шериктик") партиясынын уюштуруу курултайында. Москва ш., Орусия. 17.2.2013. Vladimir Astapkovich/RIA Novosti
Расмий Кремлдин коомчулукка кеңири таанымал сынчысы Алексей Навальныйдын "Прогресс" партиясы Орусиянын акыйкаттык министрлигинен каттоодон өттү. Партиянын адвокаты Дмитрий Краинев билдиргендей, эми оппозициялык партия өлкөдөгү 42 региондо өз бөлүмдөрүн ачкандан кийин, Москванын шаардык кеңешине сентябрда өтө турган шайлоого катыша алат.
Мунун алдында Москванын райондук соту Алексей Навальныйды нааразылык чарага катышканы үчүн эки айга үй камагына кескен эле. Ошол эле мезгилде Навальный менен анын бир тууганы Олегдин үстүнөн каражатты ысырап кылуу жана арам акчаны адалдоо айыптоосу боюнча тергөө улана бермекчи.
Навальный өзүнө карата айыптоолорду четке кагып, аны "Кремлдин өч алуу далаалаты" деп баалаган. Коррупцияга каршы күрөш ураанын чакырган оппозициялык блогу менен таанылган Навальный азыр уурулук боюнча беренеге ылайык беш жылдык шарттуу мөөнөт өтөп жатат.

XS
SM
MD
LG