Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:52

Бишкекте жаңы көрүстөн ачууга акча бөлүнөт


Бишкек мэриясы шаарда жаңы көрүстөн курууга 10 миллион сом бөлөт. Бул тууралуу бүгүн шаардык бюджеттик угууда вице-мэр Олег Попиков билдирди. Анын айтуусунда, борбор калаанын түштүк-батышындагы көрүстөн толгонуна байланыштуу жабылат, ал эми анын ордуна Аламүдүн районунда жаңы көрүстөн ачылат. Вице-мэрдин маалыматы боюнча, шаарга караштуу 7 көрүстөндү камсыз кылуу үчүн жыл сайын Бишкектин бюджетинен 7 миллион сом каралат.

Борбор шаарда мусулмандар жана христиандар үчүн өз-өзүнчө мүрзөлөр бар. Буга чейин КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы түрдүү диний конфессиялар ортосунда көрүстөн талашкан учурларды алдын алуу үчүн мамлекетке тиешелүү муниципиалдык көрүстөндөрдү ачууну сунуштап чыккан. Сунуш ээлери муниципалдык көрүстөнгө Кыргызстандын атуулу динине карабай көмүлө алат деп бекемдешүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG