Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:40

Жалал-Абадда мечиттердин жарымы мыйзамсыз курулган


Жалал-Абад облустук прокуратурасы аймактагы мечиттердин ишмердүүлүгүн жана курулуш талаптарына жооп берүү жагын текшерди.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 616 мечиттин 168и эч кандай каттоосуз иштеп жатканы аныкталды. 386 мечит курулушту баштоо үчүн тийиштүү документ алган эмес.

Текшерүү жыйынтыгына ылайык, архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын кызматкерлерлерине карата 9 административдик иш козголду. Жергиликтүү бийликтерге эскертүү иретинде 12 кат жөнөтүлдү.

Быйыл 3-февралда Сузак районундагы “Имам Аззам” аттуу мечиттин экинчи кабаты урап түшүп, 59 адам жабыркаган. (SE)

XS
SM
MD
LG