Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:16

Донецк бийлигинин имараты кремлчилерден кайрадан бошотулду


Украин полициясы Донецк шаарындагы тынчтыкка чакырган жыйын маалындагы кагылышууларга катышкан орусиячыл демонстрантты кармап кетүүдө. 05.3.2014.
Украин полициясы Донецк шаарындагы тынчтыкка чакырган жыйын маалындагы кагылышууларга катышкан орусиячыл демонстрантты кармап кетүүдө. 05.3.2014.
Украин полициясы Донецк облустук администрациясынын имаратын кремлчил демонстранттардан бүгүн (6-мартта) кайра бошотту жана имараттын төбөсүнө Украинанын туусун кайра орнотту. Облустук акимиятты акыркы күндөрү москвачылдар бир нече жолу басып алып, Орусиянын желегин орнотушкан.

Жергиликтүү полиция ондогон адамдар, анын ичинде өзүн "демонстранттардын лидери" деп атаган Павел Губарев камакка алынганын билдирди. Бул маалыматты Украинанын Ички иштер министрлиги тастыктай элек.

Донецк аймагы - Украинанын бийликтен куулган президенти Виктор Януковичтин туулган жери. Бул жерде кремлчилер тынбай демонстрация өткөрүп турат.

XS
SM
MD
LG