Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:40

Украина парламенти Крымдын Жогорку Кеңешин таркатуу демилгесин көтөрөт


Бул тууралуу Украинанын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Раданын төрагасы Александр Турчинов бейшемби күнү билдирди. Анын айтымында, Орусиянын Куралдуу күчтөрү көзөмөлдөгөн Крымдын Жогорку Кеңеши референдум өткөрүү боюнча мыйзамсыз чечим кабыл алды. “Бул чечим түккө турбайт жана ал украин калкынын, ошондой эле Крымда жашаган элдин кызыкчылыгына каршы келет”, - деп белгиледи Турчинов. Крымдын Жогорку Кеңеши “Крым Орусиянын курамына кошулуш керекпи же Украинада калыш керекпи” деген эки суроо коюлган референдумду 16-мартка белгиледи. Кошмо Штаттар Крым Жогорку Кеңешинин чечимин мыйзамсыз жана Украинанын конституциясына каршы келерин билдирүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG