Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:24

Кыргызстандык укук коргоочулар БУУнун жыйынына катышат


10-марттан тарта Женевада Бириккен Улуттар уюмунун адам укугу боюнча комитетинин 110-сессиясы башталат. Аталган сессияга укук коргоочулар Азиза Абдирасулова, Дмитрий Кабак жана Юстиция министрлигинин өкүлдөрү катышат. Алар жыйында Кыргызстанда адам укугун сакталышынын абалы тууралуу маалымат беришмекчи.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик департаменти адам укуктарынын өткөн жылдагы абалын талдаган докладында Кыргызстанда адам укуктары жаатында бир катар көйгөйлөр бар экенин айткан. Докладда кыргыз бийлиги айрым учурда коопсуздукту сактоо үчүн адам укугун бузган көрүнүштөргө жол берип, этникалык, диний, сексуалдык азчылыктын укуктары корголбой жатканы белгиленген.(BkA)

XS
SM
MD
LG