Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:25

Украинада жикчилер менен мекенчилер демонстрацияга чыкты


Союл жана камчы менен куралданган орусиячыл активисттер Крымдын Севастополь шаарында украинчыл активисттерге кол салышты. Мушташ украин акыны Тарас Шевченконун 200 жылдыгын белгилегени эки жүздөй адам чогулган аянтта болду.

9-мартта Украинанын башка шаарларында да орусиячылдар жана Украинанын биримдигин жактагандар көчө жүрүштөрүн өткөрүштү. Ушундай эки башка демонстрация Крымдын административдик борбору Симферополдо да болду. Донецкидеги митингде украин оппозициясынын мурдагы лидерлеринин бири Виталий Кличко Украинанын азыркы опурталдуу жагдайда бөлүнүшүнө жол бербеш керек деди. Донецкиде да москвачылдар митинг өткөрдү.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Арсений Яценюк Киевде Тарас Шевченконун туулган күнүн майрамдаганы чогулган миңдеген демонстранттар алдында сүйлөп, Украина топчудай да жерин Орусияга бербесин айтты.

XS
SM
MD
LG