Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:49

Ири телеком компаниясынын Өзбекстандагы иши иликтенүүдө


Амстердамда жайгашкан Vimpelcom телекоммуникациялык компаниясынын Өзбекстандагы ишмердиги иликтөөгө алынды. Компания ал өлкөдө Beeline деген бренд менен белгилүү. Өткөн октябрда анын Өзбекстандагы бөлүмүндө жергиликтүү бийлик тарабынан аудит жүргүзүлгөн.

Буга чейин, 2012-жылы Орусиянын ири телеком оператору Mobile TeleSystems (MBT) Өзбекстандагы ишин токтотуп, өзүн банкрот деп жарыялаган. 2013-жылдын февралында швециялык TeliaSonera компаниясынын аткаруучу директору өзбекстандык өнөктөштөрү менен иши текшерилгенден кийин кызматынан кеткен.

Кечээ болсо Швейцария прокуратурасы өзбек президентинин улуу кызы Гүлнара Каримованын арам акчаны адалдоого катышы иликтенип жатканын билдирген.
Ага жакын байланышы бар өзбекстандык жарандарга каршы 2012-жылы июлда эле ачылган кылмыш иш "Өзбекстандын телекоммуникация рыногундагы мыйзамсыз аракеттерге” байланышкан.

XS
SM
MD
LG