Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:53

Аскаровдун адвокатынын арызы 8-апрелде каралмай болду


Бул тууралуу абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахидов билдирди. Анын айтымында, ишти караган Октябрь райондук соту Башкы прокуратуранын өтүнүчүнүн негизинде кийинки жараянды 8-апрелге белгиледи.

Буга чейин “Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын төрайымы Төлөйкан Исмаилова абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра тергөөнү суранып Башкы прокуратурага кайрылган. Ал арыздын негизинде атайын тергөө тобу түзүлүп, Аскаровдун ишин кайрадан карап чыккан. Бирок быйыл февраль айында Баш прокурордун орун басары Людмила Усманова өз токтому менен тергөө тобунун ишин токтоткон. Мындан соң Аскаровдун адвокаты Усманованын аталган токтомун жокко чыгаруу өтүнүчү менен Октябрь райондук сотуна кайрылган болчу.

Азимжан Аскаров 2010-жылдагы июнь коогалаңында баш аламандык уюштурган, милиционерди өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Бирок Аскаров өзү жана бир катар эл аралык уюмдар, жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар ага карата чыгарылган өкүм акыйкатсыз болгонун, тергөө учурунда ал кыйноого кабылганын, мыйзам бузуу болгонун айтып келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG