Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:20

Кытайда базардагы бычакташууда алты адам өлдү


14-мартта Кытайдын түштүк-чыгышында жайгашкан Хунан провинциясындагы Чанша шаарынын базарында күркөнүн ээси соодагер менен тартыша кетип, ага жана төрт жолоочуга бычак урган. Жолоочулардын экөө ошол жерден жан берген, калган экөө ооруканада көз жумган. Канкор соодагерди полиция атып өлтүргөнү маалымдалды.

Эки аптадай мурда Кытайдын түштүгүндөгү Юннан провинциясынын Кунмин шаарында бычак менен куралданган адамдардын тобу темир жол вокзалында тополоң салып, 29 адамды бычактап салган. Кытай бийлиги 29 адамдын өлүмү үчүн Синзян-Уйгур автоном районундагы уйгур жикчилерин күнөөлөгөн.

XS
SM
MD
LG