Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:23

Турсунбек Акун Крымда байкоочу катары жүрөт


Бул тууралуу Акун өзү “Азаттыкка” билдирди. Ал Борбор Азия мамлекеттериндеги адам укугу боюнча конгресси коомдук уюмунун атынан барганын, учурда добуш берүү участкаларын кыдырып жүргөнүн айтты: “Крымда абал кооптуу болгонуна карбай добуш берүүлөр активдүү жүрүп жатат. Участкаларга Крым бийлиги тарабынан адамдарды автобустар менен ташып келүүлөр да ачык эле жүрүп жатат. Бардык жерде жана добуш берүүгө катышкандардын дээрлик көпчүлүгү Орусиянын символикаларын кармап алышкан” - дейт Акун.

Бүгүн Крым автономиялык республикасы менен Севастополдо өз алдынча референдум өтүп жатат.

Кечээ Украин парламенти Крым парламентин таркатуу чечимин кабыл алган.

Крым парламенти Киевдин сөзүн укпай убактылуу жобого негиздеп, бүгүн референдум өткөрүп жатат. Анда Орусияга кошулуу жана Украинанын курамында калуу деген эки маселе коюлган.

Украина жана бир катар батыш өлкөлөрү бул референдумду легитимсиз деп эсептейт. ЕККУда бул референдумга байкоо салуудан баш тарткан.

Орусияга кошулуу боюнча референдум өткөрүп жаткан Крымды азыр орус аскерлери ээлеп турат. (SA)

XS
SM
MD
LG