Беларус полициясы оппозициялык Бириккен жарандык партиянын лидери Анатолий Лебедкону кошкондо сегиз активистти жана эки журналистти кармады. Алар жергиликтүү кеңештерге келерки аптада өтө турган шайлоо өнөктүгүнүн алкагында жекшембиде митингге чыккан. Митингдин катышуучулары саясий туткундардын сүрөтү тартылган футболка кийип алышканы айтылды. Лебедко менен калган төрт активист түнү бою полицияканада кармалышты. Калгандары бошотулган. Алар баары бүгүн соттолоору кабарланган болчу. Кандай жазага тартылаары азырынча белгисиз.