Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:01

Атамбаев Март окуясына байланыштуу элге кайрылды


Президент Алмазбек Атамбаев Март окуясынын 9 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Кайрылууда президент 2005-жылдын 24-мартында Кыргызстандын эли адилетсиздикке жана уурулукка, мыйзамсыздыкка жана зомбулукка каршы көтөрүлгөнүн, бирок ал үмүт акталбай калганын белгилеген.

- Эгерде элдин кызыкчылыгына чыккынчылык жасалбаганда Кыргызстан ошондо эле бутуна бекем туруп, жарандарына татыктуу жашоону камсыздоого жетишмек. 2010-жылдын  апрелиндеги жоготуулар, июнундагы  трагедия  болмок эмес,- деп айтылат кайрылууда.

Марттагы элдик көтөрүлүш кыргызстандыктардын эркиндикке жана адилеттикке умтулуусун далилдегенине басым жасаган Атамбаев Кыргызстанга жаркын келечек каалады.(BkA)

 

XS
SM
MD
LG