Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:22

Мишел Обама кыздары менен Кытайда болду


АКШнын биринчи айымы Мишел Обама Кытайдагы бир апталык сапарын аяктады. Апасы жана кыздары менен жүргөн Обама Сычуанда пандаларга алма берип, Чэнду шаарындагы тибеттик ресторанда топоздун этинен жасалган тамак-аштан татыды. Ак Үйдүн маалыматына ылайык, биринчи айым ал ресторанды “Кытайдагы азчылыктардын укуктарына кызыккандыгы” үчүн тандап алган.

Укук коргоочу активисттер Тибет жашоочулары Кытайдын диний жана маданий кысымына туш болуп жатканын айтып келет. Обаманын сапары саясый максат көздөбөгөнү менен Чэндудагы университетте сүйлөгөн сөзүндө ал этникалык теңдик жана диний эркиндик маселесин козгой кетти.

XS
SM
MD
LG