Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Москвада мигранттар үчүн укук түйүнүн ачуу сунушталды


Мындай демилге менен Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Дастан Бекешов чыкты. Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттары укуктук жардамга муктаж экенин айткан депутат учурда элчиликте 4 гана юрист иштээрин кошумчалады. Мындан улам ал элчиликтин базасында мигранттар үчүн укуктук жардам түйүнүн ачууну сунуштады.

Расмий маалымат боюнча, учурда Орусияда 580 миңден ашык кыргызстандык жаран бар. Орусия миграция мыйзамдарын катаалданткандан тарта жоопко тартылгандар көбөйдү. Учурда бул өлкөнүн абактарында 2000ден ашуун кыргызстандык жаза мөөнөтүн өтөп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG