Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:38

Өкмөт Бажы биримдиги боюнча эл жана парламент менен кеңешет


Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев парламентте Социал-демократтар фракциясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү үчүн 5 жылдык преференция сурады.

- Биримдикке кирүү боюнча чечим кабыл алаарда сөзсүз парламент жана эл менен кеңешебиз. Эгер эл жана парламент колдобосо биримдикке кирбейбиз. Бирок бул уюмдун пайдалуу жактарын  аргументтеп түшүндүрүүгө аракет кылабыз, - деди Оторбаев.

Бүгүн Социал-демократтар фракциясы парламенттеги көпчүлүк коалицияны түзүү маселесин талкуулап жатат. Жыйында премьер-министрликке талапкерлиги “Ата Мекен” фракциясы тарабынан көрсөтүлгөн Жоомарт Оторбаев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат.(BkA)

 

XS
SM
MD
LG