Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

Кадамжайда журналист менен айыл аймак башчысы чырлашууда


Баткендин Кадамжай райондук “Эл жарчысы” гезитинин кабарчысы Азамат Абсаттаров Көтөрмө айыл аймагынын башчысы Махмуд Токторовго арызданып милицияга кайрылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” журналист өзү кабарлады. Абсаттаров 24-март күнү Көтөрмөдөгү жолдордун начар абалы боюнча интернеттеги маалымат агенттиктеринин бирине макала жазган.

Макала жарыялангандан кийин Махмуд Токторов журналистке телефон чалып, “аброюма шек келтирдиң” деп ага жаман сөз айтып, коркутканын Абсаттаров айтууда. Ал макалада айыл аймак башчысын атабаганын, болгону жолдун абалы тууралуу гана сүрөт-баян жазганын билдирүүдө.

Махмуд Токторов интернетке жарыяланган макаланы көрбөгөнүн, бирөөлөр аркылуу укканын, ачууга алдырып журналистке телефон чалганын “Азаттыка” билдирди.

Журналисттин арызын Кадамжай райондук милициясы карап жатат. (JsA\SE)

XS
SM
MD
LG