Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:35

Коалиция өкмөттүн жаңы курамын жактырды


Парламентте жаңы түзүлгөн башкаруучу коалиция бүгүн өкмөттүн курамын карап, жактырды. Премьер-министрликке Жоомарт Оторбаевдин, биринчи вицеликке Тайырбек Сарпашевдин, коопсуздук боюнча вице-премьерлик кызматка Абдырахман Маматалиевдин, экономика жана инвестиция боюнча вице-премьерликке Валерий Дилдин жана социалдык маселелер боюнча өкмөт башчынын орун басарлыгына Элвира Сариеванын талапкерлиги колдоо тапты. Ал эми буга чейин социалдык тармакты тейлеп келген вице-премьер Камила Талиева маданият, туризм жана маалымат министрлигине сунушталып, жактырылды.

Коргоо министрлиги менен УКМК башчылыгы президенттин номенклатурасындагы маселе.

Калган министрлик жана өкмөткө караштуу мекемелердин жетекчилерин ордунда калтыруу каралууда.

Эми бул маселе эртең парламенттин жалпы жыйынына чыгарылып, коалиция бекиткен курам добушка коюлат. (RK)

XS
SM
MD
LG