Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:44

Расмуссен: Грузия – НАТОнун өзгөчө өнөктөшү


Мындай билдирүүнү Түндүк Атлантика аскерий альянсынын баш катчысы Андерс Фог Расмуссен НАТО – Грузия комиссиясынын чогулушунда айтты. Ал расмий Тбилиси демократия жолунда чоң жетишкендиктерди жасаганын эскертти. Башкатчы Расмуссен Грузияны Ооганстандагы аскерий миссияга салымы жана 2015-жылдан кийин НАТОнун Ыкчам аракет күчтөрүнө кошулуу ниети үчүн "коопсуздук экспортёру" деп атады.

Аны менен бирге Расмуссен Грузиянын эгемендигин жана аймактын бүтүндүгүн колдоорун билдирип, аны – региондогу үлгү катары тааныды.

XS
SM
MD
LG