Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

Афиныда бомба жарылды


Афиныда бүгүн эртең менен Грекия банкынын сыртында бомба жарылды. Эч ким жарадар болгон жок. Жардыруу өлкө 4 жылдык танапистен кийин эл аралык баалуу кагаздар рыногуна кайтып жаткан күнгө туш келди.

Полиция жардыруу болгон чөлкөмгө кеткен жолдорду бууду. Анын алдында гезиттердин бирине бомба жөнүндө анонимдүү маалымат түшкөн. Ал эми интернет басылмасына телефон чалган белгисиз адам машинеге 75 килограмм жардыргыч зат коюлганын айткан. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Бирок полиция анын артында бир катар солчул партиялар турат деп шектенүүдө.

XS
SM
MD
LG