Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Украина насыя алуу үчүн МВФтин шартын аткарды


Киев Эл аралык валюта фондунун финансылык жардамдын алгачкы бөлүгүн алууга зарыл бардык шартты аткарды. Бул жөнүндө Украинанын финансы министри Александр Шлапак Дүйнөлүк банк жана МВФтин Вашингтондогу жазгы кездешүүсү учурунда журналисттерге айтты. Жыйынга келген Орусиянын финансы министри Антон Силуанов журналисттерге Украина газ үчүн карызын төлөбөй жатканы Москваны тынчсыздандырганын, бирок Киевге финансылык жактан көмөктөшүү үчүн эл аралык өнөктөштөр менен иштешкенге Москва даяр экенин билдирди. Киевдин Орусияга газ үчүн карызы 2,2 миллиард доллар.

МВФ 27-мартта Украинага 14-18 миллиард доллар өлчөмүндө насыя берилет деп убада кылган. Украина бул насыяны алуу үчүн экономикада структуралык реформа жүргүзгөнгө макулдук берген. МВФ биринчи транш менен 3 миллиард доллар берери айтылууда.

XS
SM
MD
LG