Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Караколдо бизнес-долбоорлор боюнча сынак өтүүдө


Караколдо өтүп жаткан үч күндүк Startup Weekend иш-чарасында буга чейин конкурстан иргелип алынган 15 бизнес долбоор каралды. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюштуруучу уюмдардын бири болгон Борбор Азиядагы Эркин базар институтунан билдиришти.

Иш-чаранын жыйынтыгында эң перспективалуу бизнес-долбоорду сунуштаган команда 500 АКШ долларын жеңип алат. Ошондой эле жеңүүчү Бишкекте өтө турган конкурста 500 миң сомдук байгеге ат салышуу укугуна ээ болот.

Караколдогу Startup кароосуна 60 бизнес-долбоор келип түшкөн. Азырынча алардын арасынан мыкты деп “Ашлямфу-Сити” аянтчасы, “IT-парк”, “Этно-тур”, "Тигүүчү цех", “Дөңгөлөктөгү фаст-фуд” идеялары табылды.

Катышуучулар кыска убакта кыялындагы бизнес-долбоорлорду пландаштырып, презентация кылат. Аларга атайын чакырылган тажрыйбалуу ишкерлер, адистер жардам берүүдө. (SA)

XS
SM
MD
LG