Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:18

ИИМ: 948 кыз-келин сойку катары каттоодо турат


Бул тууралуу бүгүн ички иштер министри Абдылда Суранчиев парламент жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, бул расмий катталгандары гана, ал эми иш жүзүндө бул көрсөткүч 5 миңге чейин жетет. Министрдин маалыматы боюнча акыркы жылдары сойкукана иштеткен 18 адам кылмыш жообуна тартылган.

Айрым маалыматтар боюнча бүгүнкү күнү Кыргызстандын булуң-бурчтарынан, айрым учурларда коңшу чет өлкөлөрдөн “жумуш иштөөгө” деп апкелинген жаш кыздар сойкулук кылууга мажбурланат. Алардын арасында өспүрүмдөр да бар экенин бейөкмөт уюмдар айтып келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG