Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:02

Украинада жоголгон америкалык журналист дайынсыз


22-апрелде Украинанын Донецк облусунда жоголгон америкалык журналист Симон Островскийдин дайыны белгисиз бойдон калууда. Айрым маалыматтарга караганда ал Славянсктагы сепаратистердин колунда болушу мүмкүн.

Vice News порталынын кабарчысы акыркы жолу Твиттерге дүйшөмбү күнү шаардын “элдик мэри” деп өзүн атап алган Вячеслав Пономаревдун маалымат жыйынынан жазган.

Кийинчерээк Пономарев журналист кайтарууда деп билдирген, бирок ал барымтага алынбаганын тактаган.

- Ал биз менен, макала жазып жатат, - деп айткан Пономарев “РИА Новостинин” кабарчысына.

Америкалык журналисттин мобилдик телефону өчүрүлгөн.

Европа коопсуздук жана кызматташуу уюму бул окуя боюнча өз тынчсыздануусун билдирди. Уюмдун маалымат эркиндиги боюнча өкүлү Дунья Миятович Симон Островскийди тез арада бошотууну талап кылды.

Ошондой эле ал окуяга жоопкер тараптын баардыгын журналисттерге карата акарат көрсөтүүнү токтотуп, аларга өз ишин кылууга мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.

Акыркы күндөрү Славянскта бир нече чет өлкөлүк журналист кармалган. Дүйшөмбү күнү сепаратисттер эки италиялык жана бир белорус журналистти бошоткон.

XS
SM
MD
LG